Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат. “Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Агро-Диалог 2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму 28-29-30-31-январь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери, айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткан чемпиондор жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин […]Читать далее
Кыргызстанда 13-январдан 19-январга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 761; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 320; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 137; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым категориядагы жарандар үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул кадамдын максаты жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алган жарандарды социалдык колдоону күчөтүү болуп саналат. Долбоорго ылайык, токтом кабыл алынса, 2025-жылдын 1-январынан тартып Ооган согушунун жана Чернобыль кыйроонун катышуучулары […]Читать далее
Жылуулук энергиясына белгиленген тариф 1560 сом болуп, Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин буйругу менен бекитилген. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отун-энергетика комплекси департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ЖЭБ, “Бишкекжылуулуктармагы” жана «Бишкекжылуулукэнерго» сыяктуу үч ишкана иштеп жатат. Алар жылуулук энергиясын өндүрүү менен […]Читать далее
2025-жылдын 17-январында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу У.А. Кимсанов менен Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Р. В. Давыдовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда бажы кызматташтыгы жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ экономикалык жана соода процесстерине интеграциялануу механизмдери талкууланды. Эл аралык соода жол-жоболорун […]Читать далее
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Социалдык фондтун басма сөз кызматы маалымады. Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 109 адамды түзөт, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик органдарына, акимдерге, айыл өкмөттөргө жана жайыт муниципалдык ишканаларына жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Ведомстводон билдиришкендей, жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруунун максаты жайыттарды жакшыртуу жана кайрак жерлерге сууну жеткирүү болуп саналат. Буга чейин Баткен […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга видео камераларын орнотууну тапшырды. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин 2024-жылдын жыйынтыгына арналган жыйынында айтты. Касымалиев мындай чечимдин максаты – мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздукту күчөтүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал видеокөзөмөлдүн орнотулушу ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы ишенимди жогорулатуу, бала бакчаларда […]Читать далее
Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн “Сапат” билим берүү мекемелеринин иши тууралуу да айтылды. […]Читать далее