Кыргызстанда өнөр жай боюнча 5 айдын жыйынтыгында өлкөдө 258 млрд сомго продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Карасартов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн темпи 113,8 пайызга өстү. “Биринчиден, фармацевтика тармагы 1,7 пайызга өсүү темпин көрсөттү. Экинчиден, тамак-аш азыктары 1,6 […]Читать далее
Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоор” ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча улук адиси Кристофер Финч, Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору Марс Наспеков, ошондой эле негизги мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее
Бишкек – Ош жолунун 400-чакырымындагы туннелдин курулушун баштоонун расмий аземи 19-июнда болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу” кредиттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. 750 метр узундуктагы туннелдин курулушу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген стратегиялык автожолдун коопсуздугун жогорулатуу үчүн маанилүү инженердик […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңеште салык төлөөчүлөргө калктын жана ишкерлердин салык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жаткандыгын маалымдайт. Ведомстводон маалымдашкандай, долбоордо төмөнкү чаралар камтылган: транспорт каражаттарына салынуучу салыкты жоюу жана тиешелүү түрдө андан бошотуу; айыл чарба жерлерине жеңилдиктер; текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу; карыздарды кечүү; айрым учурларда салыктык карыздарды кечүү; салыктык карызы бар жарандардын өлкөдөн […]Читать далее
2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөгөн салык карыздары кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радио” радионун түз эфиринде маалымдады. Ал учурда Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан мыйзам долбоору ишкерлерге жана жарандарга колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле салык жүгүн жеңилдетүү максатын көздөй турганын белгиледи. “Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда транспорт салыгына байланыштуу жеңилдиктер дагы каралган. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) республика боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 3,3% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди. Анын айтымында, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 4,9%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге – 3%га, азык-түлүк эмес товарларга – 1,9%га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 млрд 592,4 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7%га азайган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 8,2%га, импорттук түшүүлөр 12,3%га кыскарган. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара […]Читать далее
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 40 миң 776 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 18,6%га өскөн. Ал кошумчалагандай, айлык акынын эң көп өсүшү кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка […]Читать далее
2025-жылдын январь-май айларында республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүү байкалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 573 миллиард сомдон ашып, 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 12,3 пайызга өскөн. Шокенов белгилегендей, ИДПда тейлөө тармагынын үлүшү 53%, товардык […]Читать далее
Кыргызстанда дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Ал белгилегендей, учурда айыл чарба тармагына салыктык жеңилдиктер берилген. Эске салсак, буга чейин жер салыгы 3 жылга бошотулган болсо, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык ал мөөнөт дагы беш жылга улантылат.Читать далее