Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө мунайзаттарга жылдык керектөө 1,4 млн тоннага жакын. Жеңил мунайзаттар боюнча индикативдик баланс (бензин жана дизель) 2025-жылга 2024-жылдагыдай эле 1,2 млн тонна (бензин – 650,0 миң тонна, дизель отуну -550,0 миң тонна) деп бекитилген. Бул […]Читать далее
Айрым региондордо цементтин баасы арзандап, рыноктогу абал турукташууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, сезондук факторго байланыштуу айрым атамекендик цемент чыгаруучу заводдордо “Терек-Таш” ЖЧКнын жана “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАКтын бир кап цементтин баасы 10 сомдон 20 сомго чейин (50 кг) кымбаттаган. “Кант цемент заводу” ишканасынын цементинин баасы көтөрүлгөн жок. Муну менен катар […]Читать далее
Базарлардагы соода жайларын ижарага бергендер үчүн жаңы патенттик система ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — “Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт”. Бул ишмердиктин түрү […]Читать далее
2025-жылдын 4 айында Кыргызстан 143,7 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. 2024-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 97,8 тонна бал экспорттолгон. Демек, экспорт 47% жогорулаган. Башкы экспорт багыттары (2025-жылдын 4 айында): Кытай – 82,1 тонна (эн ири […]Читать далее
Кыргызстандагы жергиликтүү цемент заводдору толук кубаттуулукта иштеп жатат, тартыштык жаралбайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Муратбек Иманкулов билдирди. Анын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы рыноктогу абалга үзгүлтүксүз туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүүдө. Мониторингдин жүрүшүндө айрым цемент заводдорунда оңдоо иштеринин жүрүшүнөн, ошондой эле мезгилдик факторлордун таасиринен цементтин […]Читать далее
Өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун кылуу жана азык түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында 1-майдан тартып Кыргызстандын аймагына жаңы тоок жумурткасын импорттоого убактылуу тыюу салынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен белгилешкендей, чектөө 6 айлык мөөнөткө киргизилүүдө. Белгиленгендей, 10-февралдан ушул күнгө чейин республиканын аймагына коңшулаш өлкөлөрдөн импорттолгон жумурткалар катталган эмес. Тескерисинче, 2025-жылдын […]Читать далее
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баалардын көтөрүлүшү тиричилик эмес керектөөчүлөргө да таасирин тийгизет. Энертетика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда электр энергиясына тарифтердин жогорулашы: энергетиканын туруктуу өнүгүүсүнө карай жол. Өлкөнүн энергетикалык системасынын басымдуу бөлүгү совет мезгилинде курулгандыктан, учурда ал кеңири модернизациялоого муктаж. Жыл сайын электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө […]Читать далее
Май айынан тартып Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган. Долбоор мамлекеттин республикалык бюджеттин жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” […]Читать далее
Күн мурун Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйын КР экономика министри Бакыт Сыдыков менен Ирандын айыл чарба министри доктор Голамреза Нуринин төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө соода, айыл чарба, энергетика, логистика жана транспорт, санариптештирүү, гуманитардык кызматташтык […]Читать далее
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 28-апрелинен тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Улуу Жеңишке – 80 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg […]Читать далее