Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп, бүгүнкү күнгө карата 365,9 миң гектар жерден эгин жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 1 млн 69,8 миң тонна дан алынды. “Быйыл дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына орточо 27,6 центнерди түзүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнер болгон. Анын ичинде 205,7 миң гектар […]Читать далее
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып кирүүгө жоопкерчилик күчөтүлдү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, өзгөртүүлөр 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет. Товардын наркына жараша документсиз өткөргөндүгү үчүн жеке жактарга 50 миңден 200 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 100 миңден 300 миң сомго чейин айып пул каралган. Эгер укук бузуу бир жыл […]Читать далее
2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөн салык төлөөчүлөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет. Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп келишкен. […]Читать далее
Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин төмөнкү субъекттер бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча салыктык отчет берүүдөн бошотулат: тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер; Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттер (селлерлер). Бошотуу Кыргызстандын […]Читать далее
Нью-Йорктогу COMEX товардык биржасында алтындын бир трой унциясынын баасы 29,5 долларга арзандап, 4 391,1 долларды түздү. АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына караганда, күмүштүн баасы да 1,27 долларга төмөндөп, 62,77 долларды түздү.Читать далее
Бааларды турукташтыруу иштеринин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымдады. Ага ылайык, бүгүн, 19-августка карата Кыргызстандагы Аи-92, Аи-95, дизелдик отун, суюлтулган жаратылыш газына болгон баалар көрсөтүлдү. Аи-92 – 87,9 сом; Аи-95 – 109,9 сом; дизелдик отун – 99,9 сом; суюлтулган жаратылыш газы – 48,8 сом.Читать далее
Кыргызстанда санкциялык режимдерди айланып өтүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу процесси демилгеленди. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн эл аралык санкциялык режимдерди сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланган жумушчу кеңешмеде маалымдалды. Жыйынга мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын […]Читать далее
Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталында калктын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, январь-март айларында калктын номиналдык акчалай кирешеси 269,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7% көбөйгөн. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу акчалай кирешелер 244,5 млрд сомго жетип, бир жыл ичинде 7,8% […]Читать далее
Кыргызстандын резиденттерине электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар салык органында милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо кызматтары, санариптик контентке жеткиликтүүтү камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет. Чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарды […]Читать далее
Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна жалпы 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Улуттук банктан билдиришкендей, айып пул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык коюлган милдеттүү талаптарын аткарбагандыгы үчүн салынган. Мындан тышкары, уюм кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын ички көзөмөл системасын уюштурууга байланыштуу талаптарын аткарган […]Читать далее