Прокурордук чаралардын негизинде “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын уставдык капиталы 15,2 млрд сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын карамагындагы мамлекеттик мүлктөр натыйжасыз пайдаланылып келе жатканы аныкталып, аталган мыйзам бузууларды жоюу жана мамлекеттик контролду күчөтүү максатында прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Актынын негизинде министрлер кабинети […]Читать далее
“Элдик Банк” ААК Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга киришти. Бүгүн “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Чжэн Ву бул Долбоордук макулдашууга кол коюшту. Долбоордун алкагында Элдик Банкка 13 миллион АКШ […]Читать далее
Кыргызстан уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, ал эми тоок эти квота боюнча импорттолот — 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок этинин импорттолуусу күтүлүүдө. Эске салсак, уй жана кой этинин (сөөксүз […]Читать далее
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 248 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны 73 субъект алды. Насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу берилүүдө, аларды кредиттөөнүн суммасы 1 849,56 млн. сом. Белгилей кетсек, азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз […]Читать далее
Социалдык фонд 2025-жылдын январынан октябрына чейин 50 495 жаранга пенсия дайындалганын билдирди. 2025-жылдын октябрь айында: 3 705 жаранга биринчи жолу пенсия дайындалган; 1 307 пенсионерге кошумча документтердин негизинде, анын ичинде эмгек стажы, айлык акы, билим жана майыптык жөнүндө маалыматтар каралып, пенсия кайра эсептелген. Социалдык фонд жарандар пенсия дайындоого жана кайра эсептөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча 1202 телефону […]Читать далее
Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын, ал эми Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери аяктап, учурда тестирлөө жумуштары башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, министр Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери 100% аткарылып, ГЭСтин кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка чейин көбөйдү. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин […]Читать далее
Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу этке болгон баалардын мындан ары өсүшүнө жол бербөө, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эт (уй эти жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле […]Читать далее
23-октябрга карата бул “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоорунун алкагында республика боюнча 91,50 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 14 каржылоо субъекттерине берилди. Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 млрд 200 млн сом суммасын түзөт. Белгилей кетсек, долбоор майда товардык өндүрүштү […]Читать далее
Улуттук банк 10-ноябрда жыл башынан бери эң ири валюталык интервенцияны жүргүзүп, банктар аралык валюта рыногуна 173,9 млн доллар сатты. Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул сумманын 65,3 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 108,6 млн доллары башка күнгө эсептешүү менен сатылган. Ошентип, 2025-жылдын башынан бери Улуттук банк жалпысынан 6 жолу валюталык интервенция […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 10 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген пландан ашыгы менен жыйнады. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, бул аралыкта жалпы 310,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Пландык көрсөткүчтөр 104,3 пайызга ашыгы менен аткарылып, 12,7 млрд сомго көп жыйналды. Өткөн жылдын […]Читать далее