Кыргызстанда Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишкана бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн ишканаларга колдоо көрсөтүлөт. “Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишканалар бар. Аларга биз тиешелүү шарттарды түзсөк, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Металлургия жаатында да Пакистан […]Читать далее
2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 1 млрд 850 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын негизги милдеттеринин бири — кызматташтыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн соода моделинен инвестициялык өндүрүшкө, технологияларды локалдаштырууга жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип […]Читать далее
Кыргыз-кытайлык “Кыргыз Транс Инвест” компаниясы Кытайдын Сиань шаарында аянты 9 гектар болгон Кыргызстандын транспорттук-логистикалык борборун курат. Бул тууралуу Кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, борбор Сиань – Кашгар – Ош мультимодалдык маршрутунун маанилүү бөлүгү болуп, Ош шаарын аймактагы ири логистикалык хабга айлантууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле Равшанбек Сабиров […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн негизги максаты — айыл чарба продукциясын чийки зат катары гана экспорттобостон, кайра иштетүү аркылуу кошумча наркы жогору даяр продукциялардын үлүшүн […]Читать далее
Күйүүчү майлардын баасынын өсүшүнө байланыштуу министрлер кабинети субсидия берүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусуна” билдирген. Анын айтымында, субсидия баалар турукташкыча берилет. “Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Бул дүйнөлүк тенденция. Менин оюмча, баалар бара-бара турукташат. Баалар турукташканга чейин өкмөт субсидия берүүнү чечкен”, – деп белгиледи Амангелдиев. Кошумчалай […]Читать далее
Министрлер кабинети экономиканы колдоого 38,8 млрд сом багыттайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусуна” билдирген. Анда Данияр Амангелдиев жакын арада бааларды кармап турууга багытталган министрлер кабинетинин иш планы кабыл алынарын айтты. “Анын алкагында болжол менен 38,8 млрд сом багыттоо каралууда. Бөлүнгөн каражаттар кайра иштетүүчүлөрдү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана малчыларды […]Читать далее
Кыргызстанда жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукционду өткөрүүнүн пилоттук долбоору ишке киргизилди. Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, долбоорду Кыргыз геология кызматы ишке ашырууда. Анын негизги максаты аукцион өткөрүү процессин ачык-айкын кылып, катышуучулар үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана кагаз иштерин азайтуу болуп саналат. “Эми аукционго катышуучулар арыз берип, керектүү документтерди тапшырып жана […]Читать далее
2006-жылга чейин чыгарылган үлгүдөгү АКШ долларын Кыргызстандан чет өлкөгө алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан 24-августта кабыл алынган. Эски банкнотторду башка нак же нак эмес АКШ долларына алмаштыруу максатында чет өлкөгө чыгарууга уруксат берилет. Мындан тышкары, Улуттук банк […]Читать далее
Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн 2% менен насыя берүү программасы ишке ашырылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Мамлекеттик финансылык холдинг биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорго 200 млн сом каралган. “Насыя тамчылатып сугаруу системасын орнотууга, заманбап сугат технологияларын киргизүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталат. Насыянын мөөнөтү […]Читать далее
Жакынкы 3-4 жылда өлкөнүн 40 районунда 400дөн ашык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишкана куруу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, кайра иштетүүчү ишканалардын айланасында дыйкан-фермерлерди бириктирүү аркылуу айыл чарбасында ирилештирүү процесси жүргүзүлөт. “Айыл чарба […]Читать далее