2026-2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу башталды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, президенттин жарлыгына ылайык, бул жылы чет өлкөлүк мекендештерди акысыз окутууга 75 квота бөлүндү. Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан, Пакистан жана Афганистан аймагында жашаган этникалык кыргыздар катыша […]Читать далее
ЖРТ орто кесиптик окуу жайларга да киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Министрдин айтымында, быйыл 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) орто кесиптик окуу жайларга тапшырууда да киргизилди. Анын белгилешинче, мындай чечим жогорку окуу жайларга өтө албай калган бүтүрүүчүлөрдүн колледждерге агылышы менен байланыштуу. “Абдан […]Читать далее
“Эл үмүтү” стипендиясынын катышуучулары мамлекетке 5 жыл иштеп бериши керек. Бул тууралуу “Кабар“ агенттигине илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Анын айтымында, “Эл үмүтү” стипендиясы өлкө башчысынын абдан маанилүү демилгелеринин бири болуп саналат. “2022-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 52 стипендиант чет өлкөлөрдө билим алды. Былтыр алгачкылардан болуп 22 студент окуусун аяктады. Болжол […]Читать далее
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуудагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдарын бекитти. Министрликтин маалыматына ылайык, белгиленген босого баллдар мамлекеттик гранттык орундарга жана контракттык негизде окууга өтүү үчүн минималдуу талап болуп эсептелет. Конкурска босого баллга тең же андан жогору упай топтогон абитуриенттер гана катыша […]Читать далее
№100 кесиптик лицейинде “Күн панелдерин орнотуучу жана монтаждоочу” кесиби боюнча үч айлык кыска мөөнөттүү окуу программасын аяктаган окуучулар жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен тапшырышты. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, экзамендин жүрүшүндө катышуучулар күн фотоэлектрдик панелдерин монтаждоо, электрдик туташтырууларды жүргүзүү, жабдууларды тестирлөө жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Белгилей кетсек, окуу программасына энергетика тармагында, […]Читать далее
Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өткөн жыйында Жогорку, орто кесиптик жана дипломдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова билдирди. Анын айтымында, 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 6-июлда башталат. “9-класстын бүтүрүүчүлөрү кабыл алууга негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк менен катышкандыктан, алардын кабыл […]Читать далее
Өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 80 миңден ашык, ал эми 9-классты 136 миңден ашык окуучу аяктап жатат. “Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болушту”,-деп айтылат маалыматта.Читать далее
2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, тесттен эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү “алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду. “Алтын сертификат” ээлеринин толук тизмеси: Айдай Абылаева (239) — Нарын облусу, Н. Жүндүбаева атындагы мектеп; Сезимай Акматова (239) — Баткен облустук […]Читать далее
2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат. “Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук […]Читать далее
Быйыл өлкө боюнча жалпы 53 инновациялык мектептин базасы толук жаңыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бул иштердин алкагында Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде инфраструктураны модернизациялоо жана имаратты инновациялык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери башталды. Тактап айтканда, заманбап STEM-кабинеттеринин эски терезелерин демонтаждоо, дубалдарды тегиздөө жана полдорду иретке келтирүү аракеттери көрүлүп […]Читать далее