Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен мурда “Кара-Суу канаттуулар […]Читать далее
Ош шаарына сырттан кирген унаалардан акы алуу сунушталууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан […]Читать далее
“Тулпар” акционердик коомунун Нарын шаарындагы 1,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектилерин жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгында Нарын шаарындагы мурда «Тулпар» АКнын балансында турган жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. 1992-жылы КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “Кыргызагростройтранс” бирикмесинин Нарын автобазасы […]Читать далее
Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ош облустук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 га жер тилкеси менен биргеликте жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 276 млн сомдук 5.91 га жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке […]Читать далее
Быйыл Эгемендүүлүктүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү пландалууда. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аталган объектилердеги курулуш жумуштарынын жүрүшү көзөмөлгө алынууда. Алардын катарында Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор, №1 […]Читать далее
Жалал-Абадда прокурордук актылардын негизинде томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 4 томолой жетим бала турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында Майлуу-Суу шаарынан 2 балага […]Читать далее
Кара-Суу шаарынын борбордук базарынын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында алынган базардын жеринин жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзөт. Тергөөнүн жүрүшүндө жер тилкелерин каттоодо КР жер мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Белгилей кетсек, аталган базардын аймагы “айыл чарба багытындагы […]Читать далее
Ысык-Атада 74 млн сомдук социалдык объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер (бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы) жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, “А-К” акционердик […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, ишкана керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу максатында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин улантууда. 2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55923 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Анын ичинен: – Жети-Өгүз РЭТине 15600; – Балыкыч РЭТине 8700; – Ак-Суу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “ Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам менен Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын […]Читать далее