Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомдун максаты ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан импорттук атаандаштык шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы макроэкономикалык абалды, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарын, мамлекеттик каржынын абалын, карыздын туруктуулугун жана Кыргызстандын экономикасын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Данияр Амангелдиев акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы туруктуу оң динамиканы көрсөтүп жатканын […]Читать далее
Мамлекеттик заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан элди сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады. Тиешелүү тапшырма жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын камсыздоого арналган окуу адабиятынын базарлардагы соода түйүндөрү аркылуу сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүнө байланыштуу берилди. Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Агартуу министрлигине жалпы билим берүү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Манас шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты. Жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды. Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар. Балдардын […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолукту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалаарын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, биргелешкен […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйналышы болуп өттү. Отурумда алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев сегиз айдын экономикалык жыйынтыктарына токтолуп, анда туруктуу өсүш сакталып жатканын билдирди. Маселен, ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү. “Негизги капиталга инвестициялар 61,2%га, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйынына катышты. Жыйынга Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды ачып жатып, […]Читать далее
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоону, таланттуу жаштарды колдоону, ошондой эле өлкөдө шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган. Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3–5-класстын окуучулары үчүн пилоттук негизде “Мектептердеги шахмат” долбоору ишке ашырылууда. “Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. Минкаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты. Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта […]Читать далее