Бюрократиядан санарипке өтүү. Өлкөдө “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда

 Бюрократиядан санарипке өтүү. Өлкөдө “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

“Электрондук апостиль” маалыматтык системасы апостиль коюу процессин автоматташтыруу үчүн бирдиктүү санариптик платформа болуп саналат. Система бардык процессти камтыйт: апостиль коюуга арыздарды каттоодон баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, “Апостиль” электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана төлөм шлюзу аркылуу мамлекеттик алымды төлөөгө чейин.

Система ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү платформасы “Түндүк” менен интеграцияланат, бул мамлекеттик органдар менен автоматташтырылган маалымат алмашууну камсыз кылат. Мунун аркасында жарандар кошумча маалымкаттарды, кол тамгалардын жана мөөрлөрдүн үлгүлөрүн берүүнүн кереги жок болот — бардыгы санарип форматта текшерилет.

Бул системанын киргизилиши кызматты алуунун ыңгайлуулугун жогорулатат, ачыктыкты жакшыртат, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат, юстиция органдарынын кызматкерлеринин жүктөмүн азайтат жана алардын ишинин сапатын жогорулатат. Ошондой эле, кол менен жасалган процедураларга мүнөздүү болгон адам факторунун таасири жокко чыгарылат. Апостилди атайын баруусуз жана кагаз түрүндөгү документтерди берүү зарылчылыгы жок эле, аралыктан алууга болот.

Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктар 2020-жылдан баштап Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө берилген. Буга байланыштуу “Электрондук апостиль” маалыматтык системасынын колдонуучулары болуп Юстиция министрлигинин борбордук аппараты да, анын облустук башкармалыктары да боло алат.

Связанный пост