Бюджеттен транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2,5 млрд сом бөлүндү

 Бюджеттен транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2,5 млрд сом бөлүндү

Бюджеттен транспорт тармагына 2023-жылдын 6 айында 2,5 млрд сом бөлүндү. Каралган каражаттардын алкагында ишке ашырылуучу жол тармагынын негизги иш-чаралары:

-1 332,0 млн сом суммасына жол-курулуш техникасын сатып алуу;

– жолдорду оңдоого жана тейлөөгө, анын ичинде 30 миң тонна көлөмүндө битум сатып алууга – 1 384,0 млн сом;

– учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;

– “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттердин 188,8 км жолдорун асфальттоого – 1 205,8 млн сом;

– мамлекеттик инвестициялар -11 287,8 млн сом.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тарабынан учурдагы бюджеттин эсебинен жол тармагына 2 482,2 млн сом бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен 356,0 млн сом жол битумун сатып алууга багытталды. Техника алууга 861,3 млн сом каржыланган.

Мындан тышкары, “капиталдык салым” беренеси боюнча бюджеттен 1 076,8 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Мамлекеттик инвестициялар боюнча 2023-жылга 11 287,8 млн.сом каралган, анын ичинен биринчи жарым жылдыгында – 1 667,5 млн сом өздөштүрүлгөн.

Связанный пост