Былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11,4 млрд сомду түздү

2024-жылы Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров билдирди.
Анын айтымында, IT секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик мекеме түзүлгөндөн тарта IT компаниялардын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздап аларга салыктык жеңилдиктерди, инфрастуруктурага жеткиликтүүлүктү жана башка артыкчылыктарды түзүп келет.
“Былтыркы жыл өсүштүн жылы катары белгиленип, резиденттердин саны 24 пайызга, ал эми киреше 2023-жылга салыштырмалуу 46 пайызга өстү. Жумуш орундарынын саны 18% жогорулады.Кирешенин 94% экспортко туура келет. Кыргызстанда жашап дүйнө менен иште деген жакшы урааныбыз бар. Анын аркасында бизге жыл сайын жаңы мамлекет ачылып жатат. 2023-жылы алардын саны 60 болсо, былтыр алардын саны 64тү түздү”,-деди ал.
Ал белгилегендей, парк өткөн жылы мамлекетке 304,7 млн сом салык төккөн.
Ал эми паркка 2023-жылы 383 компания мүчө болсо, учурда алардын саны 477.
“Учурда жылдан-жылга компаниялардын саны өсүп, Жогорку технологиялар паркынын кирешеси жогорулап жатат”,-деди ал.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан бери иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган.
Булак “Кабар” агенттиги