Былтыр темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннадан ашты

 Былтыр темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннадан ашты

2025-жылы темир жол аркылуу 10 млн тоннадан ашык жүк ташылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана 2025-жылы темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө жетишти. Узак убакыт бою өлкөдө темир жол аркылуу жүк ташуунун орточо жылдык көлөмү болжол менен 7 млн тоннаны түзүп келген.

“2022-жылдан баштап туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ташуу көлөмү 9,2 млн тоннага жетсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10 млн тоннадан ашты. Бул “Кыргыз темир жолунун” бүткүл тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жүк ташуу көлөмүнүн өсүшү өндүрүштүк ишмердүүлүктөгү да, темир жол коридорлорун жана маршруттарын өнүктүрүүдөгү да бир катар факторлор менен шартталган.

Связанный пост