Былтыр Пакистандан Кыргызстанга 17 миң турист келген
2025-жылы Пакистандан Кыргызстанга 17 миң турист келген. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын адиси Касым Жумашов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ал эми 2024-жылы Пакистандан Кыргызстанга 25 миң турист келген.
“Пакистандан келген туристтердин саны көбөйүп жатат. Мындан тышкары, учурда Кыргызстанда Пакистандан келген 12 миңден ашык студент билим алууда. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык окуу жайларда окушат”, – деди Жумашов.
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда аба каттамдары да бар. Учурда Бишкек–Исламабад жана Бишкек – Лахор багыттары боюнча чартердик каттамдар жумасына бир жолу аткарылууда.
“Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат. Жакынкы арада каттамдардын саны дагы көбөйөт деп ойлойбуз”, – деди ал.