Былтыр Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү 206,8 млн долларды түздү
Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы 117,7 млн доллар болсо, 2025-жылы 206,8 млн долларды түздү. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 30%дан ашык өскөн (2023-жылы — 33 млн доллар, 2025-жылы — 44,6 млн доллар).
Белгилей кетсек, бүгүн элчи Эрбол Султанбаев менен Беларусь соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумуна карата даярдыктарды талкуулады.