Былтыр балык жана балык азыктарынын экспорту 17 тоннага өстү

 Былтыр балык жана балык азыктарынын экспорту 17 тоннага өстү

2023-жылдын 4-майында, Республикасынын балык өстүрүүчүлөрүнүн, балык жана балык азыктарын кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын I-съезди өттү.

Бул иш чаранын демилгечиси катары – Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жана Кыргыз Республикасынын Балык чарба ассоциациялары эсептелет.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана республиканын дээрлик бардык аймактарынан балык чарба ассоциацияларынын жана балык чарба субъекттеринин өкүлдөрү катышты.

Республиканын балык чарбалары жаратылыш ресурстарын пайдаланып көлмөлөрдү, бассейндерди куруп, балыктарды көбөйтүү менен, азык-түлүк коопсуздугуна, балык азыктарын экспорттоого, жаңы жумуш орундарын жана кластерлерди түзүүгө салым кошууда.

Балык чарбасы – экономиканын стратегиялык тармактарынын бири болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон айыл чарбасынын тармактарынын бири, анын өзгөчөлүгү өзүн-өзү камсыздоо болуп саналат.

Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну тездетүү колго алынды.

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча 2021-жылы товардык балык өндүрүү 10344,2 тоннаны, 2022-жылы 20729 тоннаны түзгөн.

Балык жана балык азыктарынын экспорту 2021-жылы 5183,1 тоннаны, 2022-жылы 6871,1 тоннаны түздү.

Связанный пост