Былтыр 21 млрд сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

 Былтыр 21 млрд сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы 2025-жылы өлкөдө 1 636 мекеме жана бөлүмдү текшерип, жыйынтыгында 21 млрд сомдук финансылык тартип бузууларды аныктап, анын 13,4 млрд сому мамлекеттик казынага кайтарылган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада маалым болду.

Маалыматка ылайык, кайтарылган каражат аныкталган финансылык тартип бузуулардын жалпы суммасынын 62,6 пайызын түздү. Ошондой эле өткөн жылы мамлекеттик активдердин көлөмү 61,1 млрд сомго өскөн.

Белгилей кетсек, Эсептөө палатасынын 30 жылдык тарыхы Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы өнүгүү жолу менен тыгыз байланыштуу. Бул аралыкта мекеме өзгөрүүлөрдү баштан кечирип, мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөгөн институт катары калыптанды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2023-жылдын 31-майында Эсептөө палатасынын ишин жөнгө салган конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мамлекеттик аудиттин ыйгарым укуктарын жана ишинин укуктук негиздерин өркүндөтүүдөгү маанилүү кадам болду.

Акыркы жылдары өлкөнүн экономикасынын өсүшү жана мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши финансылык көзөмөлдүн маанисин арттырууда. Экономикалык өсүш мамлекеттик казынага түшкөн каражаттардын көлөмүн көбөйтүп, алардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына болгон талапты күчөтүүдө.

Мындай шартта Эсептөө палатасынын негизги милдети бюджеттик каражаттардын сарпталышын текшерүү менен гана чектелбестен, алардын мамлекетке жана коомго берген натыйжасын баалоо, финансылык тартип бузуулардын алдын алуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

Связанный пост