Быйыл Талас облусунун 20 объектисине 42,4 млрд сом каржыланат

 Быйыл Талас облусунун 20 объектисине 42,4 млрд сом каржыланат

2024-жылда Талас облусунун 20 объектисине 42,4 млрд сом каржыланат. Бул тууралуу КР Финансы министлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору –  финансы министринин орун басары У.Аманбаев Талас облусунда болгон иш-сапарында облустун бюджети жана КРдин акыркы жылдары жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди.

Министрдин орун басары консолидацияланган бюджеттин ресурстары акыркы 3 жылда 2,3 эсеге өскөнүн белгилеп, 2023-жылы 571,6 млрд сом өлчөмүндө пландалганын, иш жүзүндө бюджеттик ресурстар 577,6 млрд сомду түзгөнүн, ошондой эле бул өз кезегинде экономиканын динамикалык өсүүсүнө оң таасирин бергенин маалымдады. Ал эми республиканын профицити 12,6 млрд сом суммасында аткарылганын маалымдады У.Аманбаев.

Борбордук казыналыктын директору “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлоруна токтолуп, ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 55,0 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилгендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2023-жылда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 15,4 млрд сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп, анын ичинде Талас облусу боюнча 20 объектке 42,4 млн сом каржыланган.

2023-жылы Талас облусунун жалпы киреше бөлүгү 6,6 млрд сомду түздү.

2023-жыл ичинде жалпы Талас облусуна  республикалык бюджеттен  192,8

млн сом өлчөмундө  теңдештирүүчү трасферттер бөлүнүп берилсе, 2024

жылга 193,0 млн сом өлчөмүндө  трансферттерди бөлүү каралган.

У.Аманбаев Финансы министрлигинин жакын мөөнөткө коюлган максаттарына токтолуп, -“”Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” системасында Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу боюнча 2024-жылдын 1-январынан тартып  мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери аталган системада эсептерин жүргүзүп жатат”,- деп билдирди.

Жыйында Талас облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар акимдери жана финансы кызматынын ардагерлери катышып, регионду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана мамлекеттик программалардын алкагында пландалып жаткан долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Эскерте кетсек, Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Анда Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда.

Связанный пост