Быйыл Нарында 95 жаңы ишкана ачылып, 464 иш орду түзүлдү

 Быйыл Нарында 95 жаңы ишкана ачылып, 464 иш орду түзүлдү

Нарын облусунда 2026-жылдын тогуз айында 95 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы ачылган ишканаларда жалпы 464 жумуш орду түзүлдү.

“Отчеттук мезгилде өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайыздан ашык өстү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост