Быйыл Кыргызстанда 1,7 млрд долларлык 128 өнөр жай объектиси ачылат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү сыяктуу бир катар артыкчылыктуу маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.
Анда 2025-жылы ишке ашырыла турган объектилердин тизмеси бекитилди.
Бул маселе боюнча Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасады. Анын айтымында, бекитилген тизмеге өнөр жай, айыл чарба, энергетика, тоо-кен, фармацевтикалык маанидеги 128 объект кирген. Бул объекттерди ишке ашыруу экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат.
Министр ошондой эле ар бир объектиге тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, долбоордун ишке ашырылышына натыйжалуу мониторинг жана координациялоо камсыз кылынарын белгиледи.
Ошондой эле, Министрлер Кабинети ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган документти кабыл алды. Бул демилге Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Долбоорду ишке ашыруу аялдардын ишкердигин колдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берет жана Кыргызстандагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин директору Асылбек Сатывалдиев Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча токтом долбоорлорду сунуштады. Бул чечимдер жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, калктын жана региондордун экономикасынын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган чечимдердин долбоорлору кайра иштеп чыгууга кайтарылды.
МинКаб Төрагасы документтерди Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүдөн мурда комплекстүү изилдөөнү тапшырды.