Быйыл коомдук транспортто 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн
2025-жылы Бишкекте коомдук-муниципалдык транспортто жалпы 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы “Тулпар” долбоорунун системасы туруктуу өсүш көрсөткөн.
“Бул сан өткөн 2024-жылдагы маалыматка караганда дээрлик 45 пайыга өстү. Өсүш негизги эки фактор менен байланыштуу болуп, биринчиси муниципалдык транспорттун көбөйүшү. Белгилүү болгондой, мэрия бул жылы кошумча автобустарды алып келген. Ошого валидаторлорду коюп, накталай эмес төлөмдөрдүн терминалдарын көбөйттүк. Экинчиси “Тулпар” долбоорунун алкагында накталай эмес системасынын туруктуу иштеши жана эл арасындагы QR-код менен төлөмдөрдүн өсүшү. Бул эки фактор эң негизги өсүштүн себеби деп айтсак болот”,- деди Акматбеков.
Белгилей кетсек, 2025-жылы накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлгөн сапарлардын орточо бир айлык көрсөткүчү 13 млн 400 миң сомду түзгөндүгү маалымдалды.
“2025-жылы накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлгөн сапарлардын орточо бир айлык көрсөткүчү 13 млн 400 миң сомду туздү. Бул күнүнө 440 миң сапар болуп, жол кирени шаардыктар накталай эмес төлөмдөр менен төлөштү. Анын ичинде транспорттук карталар, банк карталары, QR-код жана ошондой эле “Тулпар” тиркемеси менен төлөм жүргүзүлүүдө. Өзгөчө ушул жылдын октябрь айын белгилей кетсек, бул айда рекорддук көрсөткүч катталды. Коомдук транспортто 15 млн сомдон ашык накталай эмес төлөм жүргүзүлдү”,- деди ал.
Ошондой эле 2025-жылы коомдук транспортторго кошумча 322 валидатор коюлгандыгын жана анын ичинде 120 жаңы моделдеги валидаторлор коюлганы маалымдалды.
2025-жылы Бишкек-Ала-Арча жана Бишкек – “Манас” аэропорту” экспресс каттамдарынан 300 миң сомдон ашык жол кире накталай эмес төлөм менен төлөндү. Бишкек шаарында экспресс каттамда ушул эки маршрут бар.
“Биринчиси Бишкек – Ала-Арча, экинчиси Бишкек – “Манас” аэропорту каттамдары боюнча да жыйынтыктарды чыгардык. Бул экспресс каттамдар боюнча 307 миңден ашык жол кире накталай эмес төлөндү. Мында жүргүнчүлөр транспорттук карталарды, банк карталарын, QR-код жана ошондой эле “Тулпар” тиркемеси менен төлөмдөрдү жүргүзүшкөн”,- деди Акматбеков.
Ошондой эле жыл ичинде берилген транспорттук карталар тууралуу маалымат берилди.
“Транспорттук карталардын таратылышы боюнча айтсак, ушул жылы 24 миң 561 мектеп картасы берилген. Пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 20 миң 656 жеңилдетилген карта, ал эми 90 миң 554 стандарттык көк түстөгү карталар берилген”, – деди ал.
Булак “Кабар” агенттиги