Быйыл кайсы класстар ишемби күндөрү окуйт?
2026-2027-окуу жылында 6-11-класстын окуучулары окуу программаларын толук өздөштүрүү максатында 8 ишемби күнү кошумча сабак окушат.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара окуу жылынын 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктарына байланыштуу кабыл алынууда.
“Кошумча 8 окуу күнүнүн графигин мектептер өз алдынча түзүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкармалыктары менен макулдашат”, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 1-5-класстар үчүн беш күндүк окуу жумалыгы өзгөрүүсүз сакталат.