Быйыл билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 75,8 млрд сом каралган

 Быйыл билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 75,8 млрд сом каралган

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин отчеттук маалымат жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева «Биздин иш-аракеттерибиздин натыйжасында буга чейин чечилбеген актуалдуу, олуттуу, курч көйгөйлөр чечилиши зарыл» деп билдирди.

 

2023-жылы билим берүү жана илим тармагын каржылоо үчүн 75,8 млрд сом же ИДПнын 7%ы каралган.

Сандар жана фактылар:

  • Учурда 220 012 бала бала-бакчага барып жатат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 122 объектиге көбөйүп, натыйжада балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу 2,5%га жогорулаган.
  • «Өкмөттүк Акселератор» программасын ишке ашыруунун натыйжасында быйыл 900 баланы тейлеген үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды.
  • Быйылкы жылдан баштап бала бакчаны ачуу үчүн маалымдоо системасы киргизилди, ишмердүүлүктү лицензиялоо талап кылынбайт.
  • Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камсыз кылуу үчүн ар бири 280 орундуу 2746 бала бакча куруу керек. Кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу үчүн 290 объектиде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2023-2025-жылдары 560 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу пландалууда, анда 40 миңден ашык бала тарбияланып, 5 миң мугалим эмгектенет. Китепканаларда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды жана эрте өнүктүрүү борборлорун уюштуруу жыл сайын камтууну 5% га жогорулатууга мүмкүндүк берет. Сабактар бир нөөмөт менен өтүүчү мектептерде 73,5 миң бала үчүн мектепке чейинки даярдоо топтору ачылат.
  • Учурда 2350 жалпы билим берүү уюмдарында 1 млн 447 миң окуучу билим алууда. Өткөн жылга салыштырмалуу окуучулардын саны 40 миң адамга көбөйгөн.
  • Быйыл Чолпон-Ата шаарында “Акылман” Президенттик лицейи ачылып, тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 75 окуучу кабыл алынды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги менен «Кыргызтелеком» ААК ортосундагы келишимдин негизинде 2145 мектеп, же жалпы билим берүү уюмдарынын 91,2%ы интернетке туташтырылды.
  • Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектеп 25 000 компьютер, сканер, принтер, ксерокөчүрмө жана компьютердик класстар үчүн эмерек алды.
  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мектептерге жана кесиптик лицейлерге 2000 ноутбук белек кылды.
  • 2023-жылы окуу китептерин даярдоого бюджеттен 152 млн сом бөлүнсө, анын 5 млн сому Брайл шрифтинде окуу китептерин басып чыгарууга багытталган.
  • 2023-жылы Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары математика, информатика, биология жана химия боюнча 57 медалга ээ болушту. Анын 4ү – алтын, 10у – күмүш, 43ү – коло медаль.
  • Быйылкы жылы 8 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана 79 мектептин курулушу аяктады.
  • Конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен 2022-2023-окуу жылына 1084 мектептин директорлору дайындалды.
  • Билим берүү тармагындагы орточо эмгек акы 2023-жылы 24,4 миң сомду түздү.
  • 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мектеп директорлорунун жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын эмгек акысын 50%га жогорулатуу чечимин кабыл алды.
  • Оперативдүү маалыматтарга ылайык, 2023-2024-окуу жылы 100 кесиптик лицейде – 32,7 миң окуучу, 157 колледжде – 99 миң студент, 78 жогорку окуу жайларда 221 миң студент билим алууда.
  • Энергетика, жеңил өнөр жай, маалымат технологиялары, прикладдык искусство, коомдук тамактануу, металл иштетүү, курулуш тармагы үчүн адистерди даярдоо боюнча инклюзивдик окуу пландары жана программалары иштелип чыккан.
  • Кесиптик лицейлердин 40%ында дуалдык билим берүү киргизилди, бул 80 жумуш берүүчү уюм менен кызматташуунун натыйжасында мүмкүн болду.
  • 3 лицейде 18 электрондук окуу модулдарына жеткиликтүү Мигранттарды колдоо борборлору ачылып, 10 кесиптик лицейдин базасында Миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү.
  • Формалдуу эмес билим берүү тармагында алынган көндүмдөрдү таануу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз сертификация жана валидация Борбору түзүлдү.
  • Жетекчилердин жогорку кесипкөй командасын түзүү үчүн кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорун конкурстук тандоо жана аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү механизми иштелип чыккан.
  • Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейин түзүү боюнча ченемдик укуктук база даярдалган.
  • Орто кесиптик билим берүү окуу жайларында киреше алып келүүчү иш үчүн шарттар түзүлдү. Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында колледждерде 8 тажрыйба борбору ачылып, окуу-өндүрүштүк комплекстер жабдылды. Мындай жол менен билим берүү мекемелери калкка кызмат көрсөтүүдөн, же продукция өндүрүүдөн киреше ала алышат. Пилоттук билим берүү уюмдары иш берүүчүлөр менен 128ден ашык меморандум түзүшкөн.
  • Өзгөчө статуска ээ болгон университеттердин арасында Исхак Раззаков атындагы КМТУ жана Жусуп Баласагын атындагы КУУ бюджетин 1 млрд сомго чейин, көтөрө алды. Иса Ахунбаев атындагы КММА 1 млрд 400 млн сомго жогорулатты. Эл аралык рейтингде И.Раззаков атындагы КМТУ жана Иса Ахунбаев атындагы КММА Азиядагы 856 университеттин ичинен «351-400» мыктылардын катарына кирген. ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги ЖОЖдордун эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди.
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын консорциуму Scopus эл аралык илимий адабияттардын маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана Бишкек жана Ош шаарларында ресурстук борборлор иштеп жатат.
  • Быйыл “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Быйылкы жылдан баштап долбоорлордун сапатын жогорулатуу үчүн жабдууларга, реактивдерге, илимий экспедицияларга каражат бөлүнөт. Мамлекеттик бюджеттен каржылоого сынактын жыйынтыгы боюнча 154 илимий-эксперименталдык долбоорлор тандалып алынган.

Связанный пост