Быйыл билим берүү уюмдары 212 миңден ашуун көчөт отургузду

 Быйыл билим берүү уюмдары 212 миңден ашуун көчөт отургузду
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында билим берүү уюмдары тарабынан жыл сайын көчөт отургузуу иштери аткарылып келет.
Алсак, быйыл республика боюнча билим берүү уюмдары 212 миңден ашуун көчөт отургузууга жетишти.
Анын ичинде бала бакчалар – 38 миңге жакын, мектептер – 104 миңге жакын, башталгыч кесиптик окуу жайлары – 20 миңдей, орто кесиптик окуу жайлары – 23 миңдей, жогорку окуу жайлары – 27 миңдей көчөт отургузду.
Улуттук өнөктүктүн алкагында билим берүү уюмдарынын арасында 2 айлык көчөт отургузуу кампаниясы башталган. Учурда дагы көчөт отургузуу иштери уланууда.

Связанный пост