Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт

 Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт

Быйыл өлкөдө 128 ишкана ачылып, 15 миң жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башчысы Арсланбек Базиев билдирди.

Белгиленгендей, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарган-38, энергетика тармагында – 24, тамак-аш өнөр жайында – 21, тоо-кен өнөр жайын тармагында -15, жеңил өнөр жай тармагында -9 ишкана ачылат.

Мындан сырткары, унаа куруу, фармацевтика жана башка тармактарда өнөр жай обьектилери иштеп баштайт.

“Облустарга бөлүп карай турган болсок:Чүй облусунда- 32, Ош облусунда-22, Ысык-Көл облусунда-19, Нарын облусунда-17,Баткен облусунда-14, Жалал-Абад облусунда- 13, Талас облусунда-3, Бишкек шаарында-12, Ош шаарында-8 ишкана ачылат. Жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд 700 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60%ы ички инвестициялар, ал эми 40%ы тышкы инвестициялар болот”,-деди ал.

Эске салсак, ишканалардын ачылышынын натыйжасында өнөр жай тармагынын өсүшү 7 пайыздын тегерегинде болору күтүлүүдө.

“Ал эми ички дүң продуктун өсүшү 9-10%га көтөрүлөт”,-деди ал.

Связанный пост