Будапештте өткөн кыргыз-венгер агрофорумунда бир катар документтерге кол коюлду
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Венгриянын Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча III кыргыз-венгер форумуна катышты.
Анда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев акыркы үч жылда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстанда саясий жана экономикалык реформалар жүргүзүлүп жатканын айтып, ички дүң продукция жана мамлекеттик бюджет өскөнүн, аны менен катар инвесторлорду ар тараптан колдоо болуп жатканына да токтолуп, венгерлик ишкерлерди Кыргызстанда активдүү иш алып барууга чакырды.
“Кыргызстанда бюджеттин кирешелери, пенсия жана жөлөк пул системалуу түрдө көбөйүүдө. Кыргызстандын жаңы экономикалык саясаты үч негизги багытка негизделген, алар айыл чарба, энергетика жана транспорттук-транзиттик өнөр жай. Байыркы Жибек жолунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан уникалдуу географиялык артыкчылыктарга ээ. Ошол себептүү Кыргызстанда эл аралык делген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда. Биз Венгрияны айыл чарба технологиялары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өсүмдүктөрдүн сортторун жакшыртуу, ошондой эле чакан жана орто чарбаларды өнүктүрүү боюнча бай тажрыйбасы бар ишенимдүү өнөктөш катары карайбыз”, — деди ал.
Форумдун негизги максаты — Венгриянын жана Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы компанияларынын ортосунда кызматташуунун келечегин талкуулоо жана ишкердик байланыштарды түзүү.
Ошол себептүү форумга айыл чарба тармагы үчүн заманбап иш жүргүзүүгө адистешкен венгриялык ири делген онго жакын компания катышты. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана компаниялардыр өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык потенциалдары тууралуу баяндамаларды жасашты. Анда тараптар түшүмдүүлүктү жогорулатуу, ирригациялык технологияларды жакшыртуу, продукцияларды кайра иштетүү жана экологиялык жактан таза туруктуу чарба жүргүзүүгө багытталган өздөрүнүн инновациялык чечимдери тууралуу айтып беришти.
Агрофорумдун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Венгриянын компаниялары ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлду:
- “Кыргыз агрохолдинг” ААК менен “Умвельт Групп” ЖЧКсынын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен L.A.C. Zrt холдинги ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Венгриянын Иш берүүчүлөр жана өнөр жай жумушчуларынын улуттук ассоциациясы менен “КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.
Инновациялык технологиялар, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, экспорттук потенциал жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган мындай агрофорум жылына өткөрүлүп турмакчы.