Боз-Бөлтөк тоосуна 200 даана дарак көчөтү отургузулду

 Боз-Бөлтөк тоосуна 200 даана дарак көчөтү отургузулду

Бүгүн, 20-мартта Фрунзе токой чарбасынын аймагындагы Боз-Бөлтөк участогуна 200 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 50 даана липа, 50 даана ак чечек, 50 даана катальпа, 50 даана чынар теректин көчөттөрү “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Эл аралык токой күнүнө карата отургузулду.

 

Белгилей кетсек, 21-мартта бүткүл дүйнөдө Эл аралык токой күнү (International Day of Forests) же Бүткүл дүйнөлүк токойлорду коргоо күнү белгиленет, ал 1971-жылы негизделген жана ошондон бери жыл сайын белгиленип келе жатат.

 

Эл аралык токой күнү— бул токойлорду сактоо темасын жана алардын жер бетиндеги бардык жашоо үчүн маанисин белгилеген жыл сайын өткөрүлүүчү майрам. Адамдардын токой менен болгон мамилеси миңдеген жылдар бою тыгыз байланышта болгон.

 

Бул иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Токой кызматынын кызматкерлери жана ФАОнун өкүлдөрү катышкан.

Связанный пост