Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров автобустарды сатып алуу боюнча түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

 Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров автобустарды сатып алуу боюнча түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров  япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты.

Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик 16 чоң орундуу автобустарды алуу механизмдерин талкуулашты.

Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5,4 миллион еврого сатылып алынат.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча түрк компаниясы менен “Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын ортосунда келишимге кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт заманбап талаптарга жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 киши, орундуктар – 21, ошондой эле майыптар арабасы үчүн орун бар.

Тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң километрди түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 2024-жылдын марты болуп саналат.

Маалымдама: «Анадолу Исузу» орто сыйымдуулуктагы автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана анын  негизги акционерлери – Түркиядан «Анадолу Групп» (Anadolu Group)  жана «Исузу Моторс Лимитед» (Isuzu Motors Limited) жана Япониядан «Иточу Корпорейшн» (Itochu Corporation).

Связанный пост