Борбор калаада окуу жылынын жыйынтыгы менен райондук сыйлыктарды тапшыруу өткөрүлдү

 Борбор калаада окуу жылынын жыйынтыгы менен райондук сыйлыктарды тапшыруу өткөрүлдү

Биринчи май районунда окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында №75 мектептин базасында сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди акимдин орун басары Рахат Мусаева тапшырды.

«Милициянын жаш досу-2022» сынагында:

– 1-орунга ноутбук жана Ардак грамота №41 мектептин командасына тапшырылды;

– 2-орун үчүн музыкалык колонка жана диплом №75 мектептин командасына берилди;

– 3-орун үчүн №28 мектептин командасы диплом жана проектор менен сыйланышты;

– активдүү катышкандыгы үчүн микрофон-колонка жана ыраазычылык кат менен №18, 6, 49 мектептердин командалары сыйланышты.

“Жол кыймылынын жаш инспектору-2023”:

– 1-орун үчүн А. Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатына Ардак грамота жана компьютер тапшырылды;

– 2-орун үчүн диплом жана проектор №54 мектепке;

– 3-орун үчүн  №6 мектепке диплом, музыкалык колонка белекке берилди;

– активдүү катышкандыгы үчүн №29 мектеп ыраазычылык кат жана Ардак грамота менен сыйланды.

“Эр-Жигит 2023”:

– 1-орун үчүн  А.Токомбаев атындагы №24 мектеп  ноутбук жана Ардак грамота алды;

– 2-орун үчүн №83 мектеп Ардак грамота жана принтер алды;

– 3-орун үчүн №75 мектеп Ардак грамота жана телевизор белекке алды;

– жигердүү катышкандыгы үчүн № 6, 15, 18, 19, 27, 41, 49, 54, 69, 70 билим берүү уюмдары ыраазычылык кат жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

2022-жылдагы мектеп окуучуларынын райондук  олимпиадасынын жеңүүчүлөрү да сыйлыктарга ээ болушту.

№61, 6, 70, 69, 28, 81, 83, 24, 29, 78, 19 билим берүү мекемелеринин 56 окуучусу жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле, олимпиадада жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн дипломдор жана белектер И.В. Панфилов атындагы №6  автордук окуу тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясына,  №70 мектеп-гимназиясынын окуу комплексине, Т.Сатылганов атындагы №69 орто мектебине, Е.Б. Якира атындагы  №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексине тапшырылды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында “Улуу Жеңиштин мураскерлери” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү, № 6, 15, 24, 49, 54, 69, 7, 81  мектептердин окуучулары үч багыт боюнча – мыкты музей, бурч, мыкты дубал гезит, мыкты жамаат сыйланышты.

“Мыкты музей, бурч” үчүн жыйынтыктар:

– 1-орун №15 мектеп, 2-орун №49, 3-орун №6;

«Мыкты дубал газета»:

– 1-орун №54 мектеп, 2-орун №49, 3-орун №81;

“Мыкты команда”:

– 1-орун №49 мектеп, 2-орун №69, 3-орун №81.

Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча сынактын жеңүүчүлөрү сыйланып, 18 мектеп жана 4 бала бакчадан 38 катышуучу байгелүү орундарга ээ болушту.

Биринчи май районунун акимчилигин татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Связанный пост