Борбор калаада мектеп лагерлери жыйынтыкталды

Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова 1-класстан 4-класска чейинки балдар катышкан №47 орто мектебинин «Достук» мектеп лагеринин жабылышына катышты.

Акимдин орун басары балдарды жайкы эс алуулары менен куттуктап, аларга жакшы, кызыктуу жана көңүлдүү эс алууларын, жаңы окуу жылына жаңы күч-кубат алууларын каалады.

Быйылкы жылы Ленин районунун аймагында №25, 40, 42, 47, 55, 79,80,96, 97 мектептердин базасында 1200 баланы камтыган 9 мектеп лагери уюштурулган.

Ар бир мектеп лагеринде балдардын эс алуусунун, ийримдердин, спорттук оюндардын, театрларга, музейлерге жана экскурсияларга баруу боюнча пландар иштелип чыккан жана бекитилген.

Мектеп лагерлери 5-июндан 30-июнга чейин, күн тартиби боюнча саат 08:00дөн 14:00гө чейин, эки маал тамактануу (эртең мененки, түшкү тамак) менен иштешти.

Аянтчалардын салтанаттуу ачылышы 2023-жылдын 5-июнунда саат 10-00дө, салтанаттуу жабылышы 2023-жылдын 30-июнунда саат 14-00дө өттү.

Социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси түзүлүп, педагогикалык кызматкерлер (тарбиячылар, кароолчулар, музыка кызматкерлери, дене тарбия мугалимдери, ийрим жетекчилери) толукталып, иш планы бекитилди.

Октябрь районундагы «Шайыр-балалык» балдар чыгармачылык борборунун короо клубдарында жай бою балдар үчүн ийримдер жана спорттук секциялар иштейт. “Шайыр-балалык” борбору жайында балдар менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруп, жайкы атайын график боюнча иштешет.

Связанный пост