Борбор калаада мектеп алдындагы ден соолукту чыңдоо лагери иштейт
№25 орто мектептин базасында мектеп окуучуларынын ден соолукту чыңдоо лагери түзүлгөн.
Лагерде окуучулардын активдүү эс алуусу, ачык сейилдөө, эс алуу иш-чаралары: эртең мененки көнүгүү, спорттук мелдештер, театрга, музейлерге саякаттар, эстафеталар, сынактык оюндар, викториналар, патриоттук ырлар каралган. Ошондой эле хобби ийримдери бар.
Лагердин катышуучулары руханий-патриоттук тарбиялоо максатында көрүнүктүү аскер башчы Михаил Фрунзенин музейине барышты.
Музейге балдардын коопсуздугу үчүн мугалимдер, вожатыйлар, медициналык кызматкер, мектептин китепканачысы жана ата-энелер тартылды. Музейге баруу транспорт жана жол кайгуул кызматынын коштоосунда өттү.
Маалымдама: Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.