Борбор калаада маанилүү долбоорлорду куруу жана реконструкциялоо талкууланды

 Борбор калаада маанилүү долбоорлорду куруу жана реконструкциялоо талкууланды

Муниципалитеттин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан объекттерди куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча жыйын өттү.

 

Жыйындын жүрүшүндө борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү талкууланды. Борбор калаанын башчысы жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын 31-августуна чейин экенин эскертти.

 

Д.Өмүрзаков атындагы кичи аренанын аймагындагы иштер боюнча, «Чыгыш-5» кичи районундагы 18/1 дарегинде бала бакча уюштуруу пландалып жаткан имаратты реконструкциялоо боюнча маалымат угулду.

 

Мындан тышкары, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы жана Свердлов районунун акими «Эмгек резерви» республикалык дене тарбия жана спорт борборунун аймагында аткарылган иштерге токтолду.

 

Айбек Джунушалиев курулуп жаткан объектилерге жана подряддык уюмдардын милдеттенмелеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырып, бардык объектилерде курулуш иштерин тездетүү милдетин койду.

Связанный пост