Борбор калаада бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады
Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, быйыл 136 көчө жана тротуарды куруу, реконструкциялоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө алардын 68и толугу менен аяктады.
Анда асфальт төшөө менен катар тротуарлар курулуп, аларга чектеш аймактар да иретке келтирилди.
Мэр Айбек Жунушалиев көчөлөрдү реконструкциялоонун жыйынтыктары менен таанышып, иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуунун жана чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.