Борбор калаада бала бакчалар арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагы өттү

Бишкек шаарында билим берүү уюмдарынын арасында эл аралык эне тил күнүнө карата “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу конкурс өттү.

Бала бакчалар арасындагы сынактын жыйынтыгында 1-орунду Ярослава Жиленко менен Кадрия Мухамедова №100 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2-орунду Маргарита Скосырская №5 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 3-орунду №18 Абира Хамат жана Диана Тимофеева № 51  мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары алышты.

Мектеп окуучулары арасында 1-орунду №39 мектептин окуучусу Амир Халилов, 2-орунду №19 мектептин окуучусу Милана Никитина жана №12 мектептин окуучусу Софья Мазур жана үчүнчү орунду №9 мектептин окуучусу Диора Турдахунова ээледи.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти болду.

Борбор калаанын мэриясы бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Связанный пост