Бишкектин таштанды иштетүү тажрыйбасы Алматыны кызыктырды

Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов баштаган делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Завод менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев тааныштырды. Иш сапардын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугуна, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүнө күбө болушту.

Заводдун адистери учурда колдонулуп жаткан экологиялык чечимдер боюнча кеңири маалымат берип, калдыктарды башкаруунун натыйжалуу жолдорун тааныштырышты. Өзгөчө көңүл шаардык чөйрөнү таза сактоодо санариптик жана заманбап технологияларды киргизүүгө бурулду.

Жолугушуу эки өлкөнүн башкы шаарларынын экологиясын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүү багытындагы тажрыйба алмашуу форматында жыйынтыкталды. Тараптар бул жаатта кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдиришти.

Связанный пост