Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди

28-майда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди.

Шаар башчысы Бишкектеги N№74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди.

Э.Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.

Связанный пост