Бишкектин Калыс-Ордо конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

 Бишкектин Калыс-Ордо конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, өчүрүү ”Калыс-Ордо-1” жана ”Калыс-Ордо-2” суу топтомдорунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Мэрия шаар тургундарынан суу жетиштүү өлчөмдө камдап алууга чакырды.

Связанный пост