Бишкектин дагы эки конушуна жаратылыш газы берилди

 Бишкектин дагы эки конушуна жаратылыш газы берилди

Бүгүн 2-ноябрда Свердлов районунда «Ак-Тилек» жана «Ак-Тилек-Турбаза» эки ири конушка жаратылыш газы берилди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов турак жай конушунун тургундарын жаратылыш газы берилиши менен куттуктап, башкы директордун орун басары Мурат Сулаймановдун атынан «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришти.

Аталган конуштардагы бардыгы болуп 640 кожолук өздөрүнүн үй ээликтерин экологиялык отун менен жылытууга мүмкүнчүлүк алышты.

Өз кезегинде тургундар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр от менен камсыз болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды үйлөрдүн бирине газдын бар-жогун текшерүү үчүн чакырышты.

Ири турак жай конушун газдаштыруу боюнча иштер Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында аткарылды.

Белгилей кетсек, жаңы конуштарды газ менен камсыздоо үчүн жаңы газорегулятордук пункт курулуп, пайдаланууга берилген, ошондой эле узундугу 9500 погон метрден ашык магистралдык газ түтүктөрүн куруу иштери жүргүзүлгөн. Бардык иштер курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына так ылайык аткарылган.

Мындан тышкары, Свердлов районундагы «Бакай-Ата» конушунда газдаштыруу иштери аяктоодо.

Связанный пост