Бишкектин Бакай-Ата конушунда ҮМБ ачылды
“Бакай-Ата” конушунда үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана район башчысы, ошондой эле Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Иштер капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Амбулаториянын жалпы аянты 363 чарчы метрди түзөт. Борбор керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Медициналык мекеме калкка алгачкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган, оорулардын себебин өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.
Өз кезегинде район башчысы аталган конуштун жашоочуларын жаңы медициналык борбору менен куттуктап, инвесторлорго ыраазычылык каттарын жана белектерди тапшырды.
Эскерте кетсек, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу Катар кайрымдуулук фонду менен биргеликте каржыланган.
Бул долбоор Бакай-Ата конушунун жана Свердлов районунун бардык тургундары үчүн саламаттыкты сактоону жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат.