Бишкектин “Ак-Босого” конушуна 6 млн сомго сквер курулат

 Бишкектин “Ак-Босого” конушуна 6 млн сомго сквер курулат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялады.

Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат.

Жер участогунун жалпы аянты- 2,161га.

Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган.

Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714,7 сом.

2023-жылга 6 000 000 сом каралган.

Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Связанный пост