Бишкектин айрым көчөлөрүн суу каптады

 Бишкектин айрым көчөлөрүн суу каптады
Кечээ, 16-май күнү 20:00 чамасында Бишкек шаарында жаагын жаандын кесепетинен Свердлов районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралып, Жибек-Жолу менен 7- Апрель көчөлөрүн суу каптаган. Жеринде аталган райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 куткаруучусу ТСЖдан 2 кызматкер, МАБдан 2 кызматкер тартылган. Суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган. Ал эми Алматы көчөсүндөгү турак үйдү суу каптап, жеринде МАБдан 1 кызматкер тартылып, тиешелүү иш чаралар жүргүзүлгөн.
Ошондой эле Көк-Жар кичи районунун көп кабаттуу үйдүн чатырынан суу өткөндүгү маалымдалган жана Анкара менен М.Элебаев көчөсүнүн кесилиштерин суу каптаган. Жеринде Октябрь райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары көзөмөлдөдү .
Мындан сырткары Новгородский, Лущихин көчөсүндөгү үйлөрдүн короосун, Гагарин менен Кривоносов көчөсүнүн, Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой жана Ч.Айтматов менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилиштерин суу каптаган.
Жеринде Ленин райондук акими жана 1 кызматкери, №6 ӨКБдан 5 куткаруучу , Жашыл чарба ишканасынынан 5 кызматкер , 1 техника (суу сордургуч) унаасы, МАБдан 1 кызматкер тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.
Манка-Жар коктусунун сел тосмосуна көзөмөл жүргүзүүгө башкармалыктын Ленин райондук ӨК бөлүмүнөн 2 куткаруучу тартылган, учурда суу өз нугунда агууда.

Связанный пост