Бишкектеги жеке мектептердеги окуу төлөмүнүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

 Бишкектеги жеке мектептердеги окуу төлөмүнүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

Бишкектеги жеке мектептердеги окуу төлөмүнүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында 104 мектептин ичинен 45 мектеп изилденди.

Жыйынтыгында айрым мектептерде окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 млн 340 миң сомго чейин жетери, ал эми кээ биринде 40 миң сомдон 150 миң сомду түзөрү аныкталды.

Ошондой эле кызмат тарабынан мектептер жогорку окуу жайлар менен салыштырылган. Жалпысынан ЖОЖдордо окуу баасы 107 миңден 152 миң сомго жетет. Ал эми жеке мектептерде баалар 313 миң – 580 миң сомду түзөт.

Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан окуу төлөмүнүн өсүшүн чектөө, 200 миң сомдон жогору мектептерде өздүк наркты талдоо керектиги айтылды.

Мындан тышкары, төлөмдүн түзүмүн ачык жарыялап, билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу типтүү эрежелерди иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Связанный пост