Бишкектеги абанын булганышы үчүн темир жол курамы айыпка жыгылды

 Бишкектеги абанын булганышы үчүн темир жол курамы айыпка жыгылды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги темир жол транспорту менен абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүгө Бишкектин жанында көмүр менен иштеген паровоздун коюу түтүнү тартылган социалдык тармактарда жарыяланган видео себеп болду.

 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору экологиялык коопсуздук нормаларынын сакталышын текшерүү үчүн Кыргыз темир жолуна барышты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протокол түзүлүп, эреже бузган адамга 23 000 сом айып салынды.

 

Кыргыз Республикасынын “укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 234-беренесине ылайык булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилген деңгээлинен ашып кетүү администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

 

Эгерде сиз абанын булганышына же жаратылышты коргоо тармагындагы башка мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин 108 номери боюнча ишеним телефонуна тез арада билдирүүңүздү өтүнөбүз. Сиздердин кайрылууларыңыздар экологиялык укук бузууларга өз убагында жооп берүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылууга жардам берет.

 

Министрлик абанын тазалыгын камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн экологиялык мыйзам бузууларга, өзгөчө ири эмиссия булактарына карата мониторинг жүргүзүүнү улантат.

Связанный пост