Бишкектеги 109 мектепте адамдын жүзүн таануучу камералар орнотулду
Бишкектеги 109 мектепке адамдын жүзүн таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу иштери эки жылга созулган. Учурда айрым мектептерде иштей баштаса, кээ бирлеринде аларды туташтыруу иштери жүрүп жатат.
Ички иштер башкы башкармалыгы бул иш-чаралардын максаты балдардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтып, ар бир мектепте күзөт кызматкерлери бар экенин, бирок бул балдардын коопсуздугу үчүн зарыл чара экенин белгиледи.