Бишкекте жылуулук берилди

 Бишкекте жылуулук берилди

Бишкек мэриясы жылуулук берүү мезгили башталганына байланыштуу шаар тургундарына бир катар сунуштарды берди.

Эгерде сиз жашаган үйдө же батирде жылытуу системасы боюнча оңдоо иштери жүрүп жатса, суу каптоонун алдын алуу үчүн бул тууралуу ылдыйда көрсөтүлгөн телефондорго убагында кабарлаңыз.

Жылуулук берилгенден кийин жогорку кабаттардын тургундары радиаторлордон абаны чыгарып туруу керек. Эгерде радиатордо аба чыгаруучү атайын түзүлүш иштебей калса, аны сөзсүз алмаштырыңыз.

Жылытуу батареяларынын абалын текшерип, суу агып жаткан жери жок экенине ынаныңыз.

Жылуулукту сактап калуу үчүн терезе жана эшиктин боштуктарын жылуулап коюу сунушталат.

Эскерте кетсек, жылытуу системасын ишке киргизүү – көп баскычтуу жана татаал процесс болуп, жылуулукту берүү режимин жөнгө салууну талап кылат. Ошондуктан түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук үч күндүн ичинде этап-этабы менен берилет.

Белгилей кетсек, алгач, жылуулук социалдык маанидеги объекттерге – мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Бул мезгилде ысык суу берүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Эгерде авариялык абал же суу каптоо сыяктуу кырдаал жаралса, дароо төмөнкү телефондорго кабарлаңыз:

Кардарларды колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166.

Диспетчердик кызмат: 56-85-58

Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67

Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06

Связанный пост