Бишкекте унааларга белгилүү бир убакытта атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет

 Бишкекте унааларга белгилүү бир убакытта атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет

2023-жылдын 27-декабрынан баштап Бишкек шаарында менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт ээлерине коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет.

Ошентип, коомдук транспорт үчүн атайын тилкеде бардык унаалар үчүн кыш мезгилинде – 20.00дөн 8.00гө чейин, калган мезгилде – 21.00дөн 7.00гө чейин жүрүүгө уруксат берилет.

Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын жол тармагын коомдук транспорт үчүн атайын тилкеси менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» Мыйзамынын 5,6,13-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жол коопсуздугун жакшыртуу максатында көрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын жолдорунда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында жаңы киргизилген убактылуу чектөөлөрдү сактоого чакырат.

Связанный пост