Бишкекте “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форуму болуп өттү
Бүгүн Бишкек шаарында “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форуму болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Президент Садыр Жапаров форумдун катышуучуларына кайрылуу жолдогон, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев окуп берди.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:
“Чыгармачыл чөйрөнүн жана илимий интеллигенциянын кадырлуу өкүлдөрү!
Урматтуу мекендештер!
Кылымдар кыйырында сыналып, муундан-муунга мурасталып келаткан асыл нарктар, каада-салттар элибиздин күндөлүк жашоо-турмушунун байтүп тамырына, дүйнө тааным түркүгүнө, таалим-тарбия таянычына айланган.
Мындан улам атайын жарлык менен кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун негизги максаты да мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, билимдүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болгон. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” улуттук форуму улуулардан калган уӊгу жолубузга ырааттуу даярдыктар, иштиктүү камылгалар менен келгенибиздин айкын күбөсү десем жаңылышпайм.
Бул маанилүү жыйын – коомубуздун интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө багытталган орчундуу аянтча болуп саналарына күмөнүм жок.
Илим – прогресстин кыймылдаткычы болсо, маданият – улуттун жүзү жана жан дүйнөсү. Бул эки тармактын тыгыз байланышы коомдун туруктуу өнүгүшүнө, улуттук баалуулуктарды сактоого жана жаңы муунду тарбиялоого зор өбөлгө түзөт.
Экономикалык өнүгүү маданий-руханий кайра жаралуу менен коштолгондо гана, тигил же бул тармак илимге негизделгенде гана бакубат мамлекет курулары белгилүү. Дүйнөлүк бийиктикке чыга алган алдыңкы өлкөлөр дал ушул жол менен өргө жол алгандыгын көрүп да, билип да келе жатабыз. Өз маалында Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан ири ийгиликтерибиз дагы илимдин негизинде жетишилгендигин бүгүн танууга болбойт.
Чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын милдети – көркөм мазмундун сапаттуу контентине көңүл буруу, жаштарга таалим берүү, келечекке туура багыт берүү. Искусствонун чыныгы максатына кайтып, илим, маданият, кино, музыка, архитектураны креативдүү индустриянын – адеп-ахлактык жактан туруктуу кыргыз жаранын өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айлантуу максаты бүгүнкү күндүн күн тартибинин олуттуу маселеси болушу шарт.
Дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан маалда илимий жетишкендиктерди маданий мурас менен айкалыштырып, инновациялык багытта иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ! Интеллигенция өкүлдөрүнүн бүгүнкү форуму жаңы идеялардын жаралышына жана келечекке багытталган стратегияларды иштеп чыгууга өбөлгө болот деп ишенем.
Форумдун иши натыйжалуу болушун каалайм!”