Бишкекте тескөөчүгө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды
Бишкекте Кайгуул кызматынын тескөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-августта Бишкекте мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочу токтотулуп, ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына токтотулган.
Кийин айдоочунун таанышы ушул маселени оң жагына чечүү максатында Кайгуул кызматынын кызматкерине пара сунуштаган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-августта кайгуул кызматкеринин тескөөчүсүнө 10 миң сом пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.