Бишкекте “Тамеки чегүү” рейди өттү. 65 миң сом айып салынды

Октябрь жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» аталышта рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө « Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар катталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 65 миң сом айып салынып, 5 протокол түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.

Связанный пост