Бишкекте сапатсыз курулуш аныкталып, компания кара тизмеге киргизилди

Бишкекте көп кабаттуу бизнес-борбордун курулушунда сапатка байланыштуу кемчиликтер аныкталып, курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү Байтик баатыр көчөсү 23-25, Кошевой көчөсү 31, 31А, 33 жана 38 даректериндеги 15 кабаттуу имаратта жүргүзүлгөн. Анда биринчи кабаттагы түркүктөрдө көңдөйлөр пайда болгону жана жүк көтөрүүчү конструкцияларга бетон аралашмасын куюуда жетиштүү тыгыздалбаган учурлар аныкталган.

Кемчиликтерди лабораториялык изилдөө үчүн адистер менен биргеликте курулуштан үлгүлөр алынган. Натыйжада “Ивен КЗ” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, курулуш иштери токтотулган.

Мындан тышкары, компания кара тизмеге киргизилип, лицензиясынын колдонулушу токтотулган. Объектте иштеген прораб Чынгыз Абдыжалиловдун жана техникалык көзөмөл адиси Канжарбек Толомушовдун сертификаттары жокко чыгарылган. Ошондой эле объектке көзөмөл жүргүзгөн жооптуу инспектор кызматынан бошотулган.

Связанный пост